Menu

Экс-генпрокурор Индира Жолдубаева Батукаевдин иши боюнча ага коюлган айыптоолорго биринчи жолу үн катты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланууда. Учурда жарыш сөз болуп жатат.

Аталган кылмыш ишине айтыпталып жаткан экс-генпрокурор Индира Жолдубаева айыптоолор боюнча биринчи жолу үн катты.

Индира Жолдубаеванын айтымы боюнча, ага карата каршы көрсөтмөнү 2 күбө берген.

“Бул Шамил Атахановдун кеңешчиси Бекенов жана Нарын райондор аралык сотунун мурдакы судьясы Жапар Эрматов. Экөө тең мага каршы көрсөтмө берген. Бекеновдун айтымында, мен ага жардам берүүдөн баш тарткан экенмин. Судья Эрматов тиешелүү органдар берген материалдардын негизинде чечим кабыл алганын айтты. Прокурорлор мени 15 жылга кесүүнү суранып жатышат. Буга кандай комментарий береримди да билбей турам” – деди Индира Жолдубаева.

Мурунку Башкы прокурор ММКнын суроолоруна камакка алуу коркунучу пайда болгондон кийин гана жооп берди. Мамлекеттик айыптоо акыркы отурумда Индира Жолдубаевди сот залында дароо камакка алууну талап кылышкан.

Аталган иш боюнча 19 адам айыпталуучу деп табылган. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-генпрокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана башкалар бар.

Эсиңиздерге сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: