Menu

Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды

Бөлүшүү:

Казакстанды отуз жылдай башкарып, былтыр мартта президенттиктен кеткен Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады.

“Азыркы учурда Казакстандын биринчи президенти обочолонду. Тилекке каршы, Элбашынын соңку тестинен коронавирус аныкталды. Чочулоого негиз жок. Нурсултан Назарбаев аралыктан иштеп жатат”, деп айтылат маалыматта.

Ал арада бүгүн Нур-Султан шаарында коронавирус инфекциясынан дагы үч киши –­­ 57 жаштагы эркек жана 63, 74 жаштагы аялдар көз жумду.

Муну менен Казакстанда COVID-19дан өлгөн адамдардын саны 100гө жетти.

Расмий маалыматка караганда, вирустан өлгөндөр Нур-Султан шаарында көп катталууда – 24 учур. Андан соң Алматы (15) жана Павлодар облусу (13), Чымкент шаары(12) турат.

Май айынан бери вирустан өлгөндөр көмүлгөн атайын көрүстөндө мүрзөлөр көбөйүүдө. Алардын саны менен казак бийлиги жарыялаган расмий статистика дал келбейт. Алматыда эле эки жарым жумадан бери мүрзөлөрдүн саны 38ден 64кө чейин көбөйгөн. Ошол эле маалда Алматы шаарында 15 гана киши өлгөнү, Алматы облусунда курмандыктар жок экени айтылууда.

Казак бийлиги коронавирус жуктургандан кийин каза болгон ондогон маркумду расмий статистикага кошкон жок. Алардын өлүмүнө вирус эмес, башка оорулары себеп болгону айтылууда.

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган кишилердин жалпы саны 22 миңден ашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: