Бүгүн, 19-июнга карата Кыргызстанда дагы 132 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 48, Чүй облусунан – 38, Ош шаарынан – 13, Ош облусунан – 12, Баткен облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 11, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 6 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2789га жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 206 адам;
– Ош облусунда — 286 адам;
– Ош шаарында — 307 адам;
– Бишкек шаарында— 916 адам;
– Нарын облусунда — 429 адам;
– Чүй облусунда — 307 адам,
– Баткен облусунда — 40 адам;
– Талас облусунда – 25 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 33 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 28 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 1961ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 7 адам; Чүй облусунан – 8 адам, Ош шаарынан – 5 адам; Ош облусунан – 4 адам, Нарын облусунан – 4.
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, өткөн суткада 1950-жылы төрөлгөн эркек бейтап Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында каза болгон.
“Ал ооруканага 7-июнда келген. Анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги болгон. дарылоо процесси жүрүп, көрүлгөн аракеттерге карабастан, күндөн-күнгө акыбалы оорлоп, жаран каза болуп калды” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 32ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ