Исфана шаарында адам өлтүрүү болгон. Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 15-июнунда Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдын каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө тобу ошол жерге жөнөп кетишкен.
15-июнь күнү саат 16:50 чамасында үч адам – 41 жаштагы Ж.Б., 49 жаштагы Б.А. жана 41 жаштагы М.Б. спирт ичимдиктерин ичкен. Алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, анын жүрүшүндө 41 жаштагы М.Б. колундагы бычагы менен 49 жаштагы Б.А.нын моюнуна сайган. Болгон окуядан кийин кылмышкер из жашырып качып кеткен.
Бул факт Лейлек райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси “киши өлтүрүү” менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ