Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс» Жогорку Кеңеш депутаттары менен тилектеш

Бөлүшүү:

«Бишкек шаар бийлигине транспорт көйгөйлөрүн чечүүдө стратегиялык чечимдер жетишсиз болууда. Автоунаалардын саны күн санап көбөйүүдө, алар жолдордо жүрүп эле тим болбостон, ээсинин тигил же бул иштерине жараша токтоого муктаж. Мына ушул маселени тез арада  чечүү керек эле. Көп деңгээлдүү парковкаларды куруу талабы мурда эле бышып жетилгенине карабай, алигиче баштала элек. Алгачкы пилоттук долбоорду мурунку Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынан баштоону биз алда качан сунуштаганбыз», – деп билдирет Бишкек шаардык кеңешине №12 тизмеде бара жаткан «Өнүгүү-Прогресс» партиясы.

Ушуга байланыштуу,  партия Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бир нече мүчөлөрү менен бир пикирде экендигин билдирет. Кечээ аталган комитетте Бишкек шаарына 50 троллейбус алып келүү үчүн Европа өнүктүрүү банкы аркылуу бөлүнүп жаткан насыя маселеси талкууланды.   «Мэрдин оюн билгибиз келет, бизге шаар жолдорундагы абал баарыбызга белгилүү. Биз ушуга чейин, шаардын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө карата стратегиялык планын көрө элекпиз. Азыр биз бул келишимди карабайбыз. Алар берки акчаны жумшай элек, а биз ал жөнүндө айтуудабыз», -­ деди  депутат Бахадыр Сулейманов («Ата­Мекен»).

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы БШКнин курамында шаар жолдорундагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча, жер алдындагы көп орундуу парковкаларды куруу биринчи чечимдер болушу керек. «Адистердин эсептөөлөрү боюнча, 500 орундуу көп деңгээлдүү парковкаларды курууга  1,5 млн. АКШ долларын түзөт, бирок, алгачкы 5 жыл аралыгында өзүн толук актайт. Бул көчө чырактарын орнотууга алынган 40-50 жылга узартылган насыя эмес,  бул өзүн-өзү актаган, керектүү долбоор», – деп белгилейт партия.

«Өнүгүү-Прогресс» эскерткендей, борбордо жолдорду оңдоп-түзөөгө ири суммадагы акчалар бөлүнөт. Мисалы, КЭР тарабынан келген гранттын эсебинен оңдолуп жаткан жолдордун 1 километрине 1,7 млн. АКШ доллары кетет экен. «Бул сумма бир парковканын баасынан дагы ашып кетип жатат. Андыктан, бардык каражаттарды шаардын керектөөлөрүнө карата бөлүштүрүү керек», – деп белгилейт «Өнүгүү-Прогресс» партиясы.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: