Menu

Сот 2 адам өлтүрүүгө шектелип жаткан УКТнын мүчөсү Дөө Чыңгызды 5 жылга эркинен ажыратты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловго карата козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарылды.

Судья Адылбек Эсенбаев Чыңгыз Жумагуловду КРнын Жазык кодексинин 266-б. 1-б. (Бейбаштык) беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, аны 5 жылга эркинен ажыратты.

Башка айыпталуучулар Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеевдер да күнөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды жана 190 миң айып пул төлөө милдеттендирилди.

Буга чейин прокурорлор Чыңгыз Жумагуловду КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу уюмду түзүү же анын ишине катышуу”, “Ден соолукка оор залал келтирүү” жана “Автоунаа уурдоо” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесүүнү жана 200 миң сом өлчөмүндө айып пул өндүрүүнү суранышкан эле.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 9-апрелине караган түнү Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” жеке клиникасынын алдына белгисиз адамдар сабалып, оор жаракат алган эки эркек кишини таштап кетишкенден кийин Дөө Чыңгыз издөөгө алынган.

Сабалгандардын бири башынан оор жаракат алып, эсине келбей, реанимацияда көз жумган. Анын өздүгү такталып, көз жумган жаран Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну 1974-ж.т. Илияс А. болгон. Ал Бишкек шаарында жашачу.

Сабалгандардын экинчиси алган оор жаракатынан улам жеткирилген күндүн эртеси көз жумган. Ал дагы башынан оор жаракат алып, баш сөөгү сынган. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районунун 1983-ж.т. туулган тургуну экени аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы Аламүдүн районунда жашачу.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.М., 1981-жылы туулган А.И. кармалган. Экөө тең Чүй облусунун тургундары. Алар мурда бир нече жолу соттолгон жана Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары каттоодо турушат. Бул иш боюнча издөөгө алынган Дөө Чыңгыз 11-апрелде  кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: