Сузак районунун Бек-Абад айылында күйөөсү тарабынан кыйноого кабылган аялдын уулу атасы тарапка өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, кыйноого кабылган аял кимдир-бирөө тараптан кысым болгонун айткан эмес.
“Аял эч ким ага кысым көрсөтүп жатканын айткан жок. Алардын Ош шаарында котормочу болуп иштеген уулу бар. Ал атасы тарапты жактоодо. Бирок, баардыгына карабастан, биз ишти сотко өткөрүп беребиз “, – деди Алмазбек Орозалиев.
Эске салсак, 12-июнда социалдык тармактарда эркек киши аялды уруп жаткан видеотасма жарыяланган. Анда күйөөсү аялынын моюнуна дөңгөлөктөрдү илип, чакалап суу куюп, бир нече жолу жаагына чапкан. Ошол эле учурда, ал муну видеотасмага тарттырган.
Аял милицияга арыз жазган, бирок кийинчерээк дооматтарды четке каккан. Соттун чечими менен анын күйөөсү 15 суткага камакка алынган. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин “кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ