Menu

Видео – Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын жаңы президенти болду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, Шавкат Мирзиёев үчүн 15 миллион 906 миң киши же жалпы шайлоочулардын 88,6 пайызы добуш бергенин билдирди.

КМШ жана ШКУнун байкоочулар миссиясы Өзбекстанда өткөн шайлоонун жыйынтыгынан күмөн жаратуучу мыйзам бузууларды тапкан жок. ЕККУ өз пикирин али жарыялай элек. Эки миссия тең 4-декабрда өткөн президенттик шайлоо “ачык, эркин жана демократиялуу” өткөнүн белгилешти. Бирок ар кыл аймактагы булактар айрым шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар болгонун маалымдашты.

КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы жана аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев айрым техникалык алешемдиктер шайлоонун жыйынтыгына таасир этпегенин айтты.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 87,83% добуш бергенин билдирди. Бул көрсөткүч Каримовдун тушундагы шайлоолордон бираз төмөн (91%), бирок мурдагы союздук өлкөлөрдөгү акыркы саясий өнөктүктөргө караганда кыйла жогору. Шайлоого 18 миллионго чукул жаран катышты.

Мамлекеттик телеканалдар биринчи жолу жараянды түз эфирде көрсөтүштү.

Мирзиёевден башка шайлоого дагы үч талапкер катышкан. Демократиялык “Миллий тикланиш” партиясынан социолог жана экономист Наримон Умаров, Социал-демократиялык “Адолат” партиясынан Сарвар Отамуратов, Элдик-демократиялык партиядан Хотамжон Кетмонов ат салышты. Бюллетенде “баарына каршы” деген графа көрсөтүлгөн эмес.

Фергана.ру ресурсунун штаттан тышкаркы кабарчысы Сид Янышев шайлоого катышып, төмөндөгү кыска видеороликти тартып алган.

Өзбекстандагы буга чейинки шайлоолордо видеого тартуу мүмкүн болгон эмес. Фотоаппарат менен шайлоо тилкелерине келүүгө да бөгөт коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: