Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүктүн ташылып келишине бөгөт коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Белгиленгендей, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылынан алыс эмес жерде, чек арачылар “Daewoo-Damas” автоунаасында кондиционерлерди Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 1987-жылы туулган Кыргызстандын жаранын кармашкан.
Кармалган жүктүн жалпы баасы 135 миң сомдон ашкан.
“Тиешелүү документтер толтурулуп бүткөндөн кийин, кармалган адам жана жүк андан ары тергөө үчүн Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди”, – деп айтылат билдирүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ