«Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
«Бул чаралар Өкмөт Аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышкан Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ