Menu

Өкмөт мүчөлөрүнүн бет капсыз түшкөн сүрөтү үчүн кимдер айып пул төлөйт?

Бөлүшүү:

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн үйүндө бет капсыз жана аралыкты сактабай сүрөткө түшкөнү үчүн айыпка жыгылышат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу журналисттерге билдирди.

Ошондой эле, Бишкек санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бир катар мамлекеттик кызматкерлерге айып пул салат. Т.а. вице-премьер-министр Аида Исмаиловага, вице-премьер-министр Акрам Мадумаровго, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге, Өкмөттүн аппартынын мурунку башчысы Самат Кылжыевге жана бөлүм башчыларга айып пул төлөшөт.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бет каптын жоктугу, аралыкты сактабагандыгы жана талаптарды аткарбагандыгы үчүн ар бирине 3000 сомдон айып пул салды.

Белгилей кетсек, 17-июнда, Өкмөт үйүндө КР премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өткөн. Анда Мухаммедкалый Абылгазиев Кубатбек Бороновго кызматын өткөрүп берген.

Социалдык тармактардын колдонуучулары ​​өкмөттүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана министрлер кабинетинин башчылыгына дайындалган Кубатбек Бороновду аралык сактабагандыгы жана бет капсыз жүргөнү үчүн катуу сынга алышкан.

Бүгүн, 19-июнда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөшү керектигин баса белгилеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: