Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 4 адам кармалды. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алар: Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Б.Н., ККБ жетекчисинин орун басары М.У. жана аталган эле башкармалыктын И.А. аттуу кызматкери жана коммерциялык уюмдун жооптуу кызматкери К.А. (Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында камакта). 2 жаранга кылмышка шектүү экени жөнүндө кабарлама берилген.
17-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге камакка алынган.
Жергиликтүү ЖМКлар Финполициядагы өздүк булактарына таянып, кармалгандардын бири, жеке коммерциялык уюмдун өкүлү Айбек Карымов экенин жазып чыгышты.
Такталгандай, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери муниципалдык менчик реестриндеги лифттерди модернизациялоону 24 миллион сомдон ашык суммага сатып алууга ылайыксыз келишим түзүшкөн, бул иштердин баасы кыйла төмөн болушу керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ