Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге кат жөнөтүп, тез арада сакайып кетишин каалады.
«Кыйын учурда сизди бардык жактан колдоого жана керек болсо жардам берүүгө даяр экенимди билдирем», – деп жазылган катта.
Казакстандын мурдагы президенти, 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өткөн аптада коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.
Расмий маалыматка караганда ал обочолонуу режимине өтүп, аралыктан иштеп жатат.
Анын алдында Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри Аскар Мамин баштаган бир нече өкмөт өкүлү карантинге чыккан.
Түркмөн бийлиги болсо өлкөдө коронавирус жуктурган учур жок экенин билдирип келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ