Menu

Айласы куруган Атамбаев Бабановго сүйкөнөм деп аны да жарга такады…

Бөлүшүү:

Кечээ жакында экс-ажо Атамбаев өзүнө таандык “Апрель” телеканалына маек берип, болуп өткөн президенттик шайлоого токтолуп жатып, Бабанов тууралуу кеп козгоп өттү. Ал өз сөзүндө шайлоодон кийин Бабанов Жээнбеков болуп сүйлөшкөнүн жар салды. Андан тышкары ага карата козголгон кылмыш иштерди токтотууну Жээнбековго жана Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаевага да айтканын эскерет. Мейли бул үч лөктүн ортолорунда сүйлөшүү болду дейли, анда Бабанов өлкөдөн кетпей туруп, саясаттан кеткенин жана мандаттан баш тартканын жарыяламак да туурабы?

Ал эми Бабановдун мандатын таштай качканы анын суу жүрөктүгүн, керт башын жана байлыгын жогору койгон арзымат экенин далилдейт. Анан ушундай суу жүрөк эргул кантип президент болсун. Бабановго коррупция беренеси менен иш козгосо да бир жөн, бийликтин жөн гана чочутуу ыкмасына туруштук бере албады. Мекен жүгүн, элдин жүгүн татыктуу көтөрөм деген инсан баардык жолтоолорго, адилетсиздикке туруштук берип, сүрүлбөй өтүүгө даяр болуп аттанат эмеспи. Керек болсо камаларын билип турса дагы, эли-жери үчүн кайра тартпай, коркпостон бийликке тике карап чет жерден кайтып келген саясатчылар арабызда жок эмес. Кыскасы Бабанов абалга жараша кубулуп турган “хамелеон” экенин дагы бир жолу далилдеп берди.

Атамбаевдин айтканында башка мандем бар. Азыр эч кимге батпай өгөйлөнгөн Атамбаев Бабановду мактоо мененби же жактоо мененби айтор ага сүйкөнүп, аны жеке кызыкчылыгына пайдаланууну көздөп жаткандай. Баса, шайлоо өнөкөттүгүнүн кызуу маалында Атамбаев КТР аркылуу кайрылуу жасап, Бабановго ысык темир басуу керек деп күпүлдөгөнү дале элдин эсинде. Андыктан, Атамбаев арам оюн ишке ашыруу үчүн дагы кандай обу жок кадамдарга барат болду экен?

Учурда Атамбаевдин бул маеги коомчулукту дуулдатып жатканы талашсыз. Ал эле эмес араң турган Бабановдун тарапташтары да Бабановдун кайтып келиши керек деген ойлорун айта башташты. “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Руслан Казакбаев, Максат Сабиров жана Кенжебек Бокоевдер да араң турганбы айтор Атамбаевдин айткандарына саресеп салбай эле анын сөздөрү чындык, биз ага кошулабыз деп үн катып чыгышты. Аныгында Атамбаев эмнени көздөгөнүн булар ойлоду бекен? Тескерисинче Атамбаев Бабановду өлкөгө келгис кылып койгон жокпу? Бийликке каршы тукуруп. Кечээ жакында эле Бабановдун тарапташтары биз Жээнбековдун саясатын колдойбуз таризинде чыгышпады беле? Бул сөздөн
соң Атамбаев өзү айтмакчы, Бабанов талтайды да калды. Ал эми Атамбаевдин айткандарына келе турган болсок, президенттик шайлоону оюнчук көрүп, каалаганын калчап базар кылганын моюнуна алып жатабы?
Эгер мындай ыплас оюндардын жүргөнү чындык болсо Атамбаев, Жолдубаева, Сегизбаевдер баш болуп, калгандары төш болуп жооп берүүгө милдеттүү. Шайлоону шайтан оюнга айлантып, өлкөнү базар кылгандар
жоопсуз калбашы керек.

Автор: Адигине Сооров

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: