Menu

Аида Кулуева, ырчы: “Күйөрмандарыма өзгөчө стилдеги чыгармамды тартуулайын деп жатам”

Бөлүшүү:

Мындан 5-10 жыл мурун Аида Кулуева өз чыгармалары менен сахнадан жана телеэкрандан көп эле көрүнүп турчу. «Сырдуу жигит», «Учкум келет» деген ырларын күйөрмандары сүйүп угаар эле. Кыздын бараар жери күйөө дегендей, турмуш курган соң чыгармачылыгында бир топко тыныгуу алган. 2017-жылы ырчы айым Кенже Дүйшеева менен биргеликте «Жүрөгүм» аттуу дуэт аткарышып, угармандардын жылуу колдоосуна ээ болуп, чыгармачылыкка кайткандай болгон. Аида айымды кепке тартып, чыгармачылыктагы жаңылыктарынан кабардар болдук.

—Аида айым, аялзатынын эл аралык майрамын утурлай маектешип отурабыз. Өз кезегинде майрамыңыз менен куттуктайбыз. Ушул жаз майрамдарына байланыштуу эсте калган белек тууралуу айта кетсеңиз?

—Рахмат. Эми кадимки белектерден тышкары жазга байланыштуу эң эсте калган белегим бул жаз айында майрамды утурлап биздин үй-бүлөгө Кудайым тарабынан берилген чоң белек жээнимдин төрөлүшү болгон. Баарыбыз үчүн, анын ичинде өзгөчө мен үчүн өтө кубанычтуу, эсте калаарлык белек деп жээнимди эстейм. Ар жыл сайын март айы жагымдуу майрамдары менен бизге жагат.

—Кепти чыгармачылыкка бурсак, кандай жаңылыктарыңыз бар?

—Азыркы учурда өзгөчө стилдин үстүндө иштеп жатабыз, өзгөчөлүк стилде гана болбойт. Жаңы бир элдикине окшобогон стилде, өзгөчө аранжировка менен шөкөттөлгөн чыгарманы угармандарыма тартуулоо үчүн кызуу эмгектенип жатам. Чыгарманын темасы түбөлүктүү тема болгон сүйүү жөнүндө. ЬІрдын сөзү дагы өзүмдүн катышуум менен жазылууда. Кудайым буюрса жакынкы убакта жаңы чыгармама күбө болосуздар.

—Продюсер менен иштешип жатасызбы?

—Жок. Бирок учурда менеджерим бар. Ал баш болгон жаш, креативдүү команда менен биргеликте азыр бир долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Кези келгенде албетте сиздерге биринчилерден болуп сүйүнчүлөйбүз.

—Учурда ырчылардын киреше булагы той болуп калгандыгы жашыруун эмес. Сизде дагы тойлорго чакыруулар болуп турабы?

—Тойлорго албетте чакыруулар болуп турат. Бирок мен негизи эле тойго көп бара бербейм. Анда-санда кыйбас адамдар чакырганда гана «Жар-жар» айтам. Акыркы чыгармаларымдын бири «Тянь-Шань» ырым жарык көргөндөн кийин теңиртоолук жердештерим көп чакыра башташты. Мындай учурда дагы өтө жакын, кыйбаган адамдарымдын сунушунан баш тарта албайм, барууга туура келет.

—Аялзатына куттуктооңуз бар чыгаар…

—Учурдан пайдаланып бүткүл аялзатын жаз майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Кааларым чын ден соолук, жүздөрүнөн эч качан күлкүнун, жылмаюунун изи кетпесин. Себеби аял затынын күлкүсүндө жаз бар, мээримдүүлүк бар, сүйүү бар. Жөн жерден жаздын башталышы аял затынын майрамына туура келбесе керек. Табийгат атайылап жазды аял затынын майрамы менен тушташ кылган чыгаар. Апалар, эжелер, сиңдилер – дайыма маанайыңыздар жаз күнүндөй жарык болуп, бул ааламды нурга бөлөп жүрө бериңиздер!

Маектешкен: Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: