Menu

Фото – Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков «Семетей» обсервациясын көзөмөлдөп чыкты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков «Манас» Эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан «Семетей» обсервациясын көзөмөлдөп чыкты.

«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу биз өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде орундарды көбөйтүп жатабыз. Мындан тышкары мурдагы Ганси авиабазасынын аймагындагы даяр корпустарга COVID-19 дартына чалдыккан жарандарды жайгаштырууга болот. Мында аларды дарылоого бардык шарттар каралган», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Тактап айтканда, карантинге алынган аймакта ар бирине 120 адам бата турган 7 даяр корпус бар. Палаталар эки бейтапка эсептелген. Мындан тышкары ушундай эле көлөмдөгү дагы 5 корпус бар.

«Биз азыр аталган 5 корпусту пайдалануу мүмкүндүгүн караштырып жатабыз. Мындан тышкары ар бир бөлмөсүндө шарты бар башка корпустар да бар, бирок анда ремонт талап кылынат. Буга катар премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, массалык түрдө оорулуулар пайда болгон учурда чатырчалар шаарчасы үчүн орун каралууда. Белгилей кетсем, учурда чатырчалар шаарчасына муктаждык жок. Бирок биз ар кандай абалга даяр турушубуз керек. Жарандар тийиштүү шартта дарылануудан өтүшү керек», – деп билдирди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр карантиндик аймакты тейлеген кызматкерлер тарабынан коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн эскертти жана аларды антисептикалык, дезинфекциялоочу жана жеке коргонуу каражаттары менен тийиштүү көлөмдө камсыздоону тапшырды.

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: