Menu

ИИМ: Бийликти күч менен басып алууга «WhatsApp» аркылуу чакырык жасаган Чүй жана Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан  «WhatsApp» мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталып  өтө турган 9 мүнөттүү болгон аудио көчүрмөнү жердиги Балыкчы шаары, учурда Чүй облусунун жашоочусу 1981-жылы туулган жаран Т.А. тараткандыгы аныкталган.
Ошол эле күнү, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган.
Андан сырткары, 2020-жылдын 17-июль күнү  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан  «WhatsApp» мессенджери   аркылуу  “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда РФдин Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги  жүз  жыйырма депутат менен чогуу” аталышындагы чакырыкты аудио жазуу  түрүндө   тараткан.
2020-жылдын 17-июль күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрнсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жзүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
ИИМ жарандарды интернетте, «WhatsApp» мессенджеринде кандайдыр-бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефону аркылуу малымдоого чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: