Menu

Мээрбек Мискенбаев: “Мага коюлбаган Кыргызстанда эки эле берене калыптыр. Бири – кыз зордуктоо, экинчиси- алдамчылык”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-июнда КСДПнын активдүү мүчөсү Кундуз Жолдубаева экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин кайрылуусун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарялады.

Кайрылууда Мискенбаев Кой-Таш окуясы боюнча ага коюлган айыптарга толугу менен макул эместигин, атайын багыттагы аскер кызматкерлерин барымтага алууда, адам өлтүрүүгө жана баш аламандыктын уюштурулушуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Анткени, 7-августта ошол спецназдар мени сабап, кабыргамды сындырып, чала өлүк кылып, тепкилешкен.

Ал окуя, менин жарадар болгонумдун баары интернет булактарында айдан ачык эле турат.

Мен жабырлануучу болушум керек эле, бирок, силер болсо мени айыпталуучу кылып салдыңар.

Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстандагы болгон баардык беренелерди коюпсуңар. Адам өлтүргөндөн баштап, барымтага алуу, башаламандык уюштуруу ж.б. беренелер.

Мага коюлбаган Кыргызстанда эки эле берене калыптыр. Анын бири – кыз зордуктоо, экинчиси- алдамчылык (мошенничество).

Менин силерге айтаарым, Кой- Ташта болгон окуяда Мискенбаев спецназды зордуктады жана автоматын алдап алып, бербей койду деген беренелерди илгиле, ошону менен баардыгы толук болот.

Мен Аллахкка ишенген адаммын, Кудай баарыбызды карап турат.

Силер мени ооруган аялыма карабай, 3 чиедей болгон балдарымды чыркыратып туруп, адилетсиз, саткын Алга Кылычовдун көргөзмөсү менен камадыңар” – деп кайрылуу жасаган Мээрбек Мискенбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таштагы Атамбаевдин хан сарайында башаламандык болуп, аягы өлүм менен аяктаган. Бир офицер каза болуп, бир топ адам жабыркаган. Дал ошол күндөрү Мээрбек Мискембаев бар болчу, сөгүнүп-сагынып жүргөнү видеодо бар…

Учурда Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Анын алкагында Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери абакта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: