Москвада белгисиз жаран кыргыздарга аларды Кыргызстанга кетип жаткан жарандардын тизмесине киргизем деп убада берип, акчасын алып, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.
“Алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын үч жараны 54 миң рубль жоготуп алышкан. Тергөө чаралары көрүлүүдө”, – деп билдиришти элчиликтен.
Айрым активисттер жарандарды өз мекенине жөнөтүү үчүн диаспорага бөлүнгөн квоталарды колдонуп, белгилүү бир акы алганы тууралуу айрым кыргызстандык уюмдарга карата мекендештерибиздин арыздары келип түшкөн.
“Бардык аныкталган фактылар боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлөт. Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тизмеге киргизүүгө байланыштуу бардык коррупциялык иш-аракеттер катуу токтотулат, күнөөлүүлөр Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат”, – деп билдиришти элчиликтен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ