Премьер-министр азыркы элде болуп жаткан бүт бүдөмүк ойлорго так жооп берип коюушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
“Депутаттар элдеги бүт маселелерди айтышты. Бүгүн премьер-министр брифингке чыгып, азыркы элде болуп жаткан бүт бүдөмүк ойлорго так жооп берип койсо. Элдерде ар кандай түшүнбөстүктөр болуп жатат. Биринчиден элде июнь, июль, август айларында пенсия менен жөлөк пул төлөнбөйт экен деген сөздөр жүрөт. Ошондуктан бул боюнча өкмөт башчы чыгып бюджетте акча бар, мурда кандай болсо ошондой эле төлөнөт деп айтып коюушу керек. Ошондой эле мигранттар боюнча баардыгыбыз кайрылып жатабыз. Өкмөт бул боюнча ачык жооп бербейт. Ачуу чындыкты айтып, анча-мынча жаман көрүнгөндөн коркпош керек. Премьер-министр бүгүн чыгып аларды алып келишеби же жокпу ачыгын айтыш керек. Эгер алып келе алышпаса, элдерди үмүткөр кылбаш керек”,- деди Акаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ