Menu

Элчилик: Жарандарыбызды Кыргызстанга кайтаруу аракеттери учурунда айрым коррупциялык жат көрүнүштөр болду

Бөлүшүү:

Жарандардын кайрылууларында жана социалдык түйүндөрүндө жарандарды Мекенибизге жөнөтүү үчүн тизмесине киргизүү маселеси боюнча коррупциялык схемалар жөнүндө маалымат таркагандыгына байланыштуу Элчиликтин алдында ушундай кайрылууларды карап чыгуу максатында атайын комиссия түзүлгөн. Комиссияны КРнын РФдагы ИИМнин өкүлү, милициянын полковниги Н.С.Жанбаев жетектейт, анын курамына Элчиликтин коопсуздук маселелери боюнча иш алып барган кызматкерлери, КРнын РФдагы ИИМнин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү кирет.

Элчиликке келип түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын негизинде ар бир факты боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлүүдө.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, Элчиликтин ар бир кызматтык кеңсесинде жана аймагынын периметри боюнча күнү-түнү үн жаздыруу функциясы бар жаңы видеокамералар орнотулуп иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө системалык негизде алдамчылык фактылар ачыкка чыгып жатат. Алардын катарында мекендештерибиздин Элчиликте тууганы (жакыны) иштейт деп ишеничине кирип, аларды Мекенине кайтып кетчү жарандарынын тизмесине  кошом деп убада берген белгисиз жаран. Бул мыйзамдуулукка каршы келген иш-аракеттердин натыйжасында үч КРнын жаранына 54 000 рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилген. Бул факт Москва шаары боюнча РФнын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы (Петровка 38) тарабынан катталып, РФнын мыйзамдарына ылайык күнөлүү жаранды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, Элчиликтин дарегине биздин мекендештерибизден айрым кыргызстандык жамааттык уюмдарына карата даттануулары/арыздары түшүп жатат. Тактап айтканда, айрым активисттер жарандарыбызды Мекенибизге жөнөтүү үчүн диаспорага бөлүнгөн квоталарды колдонуп, ортомчулук кызмат жасагандыгы үчүн акча каражат алып жаткандыгы тууралуу арыздар Элчиликке түшүп жатат. Бул дооматтар кылдат иликтенилип жатат.

Мекенибизге жиберүү максатында тизмеге киргизүү үчүн акча талап кылуу боюнча кылмыштуу коррупциялык аракеттерге кескин бөгөт коюлат. Күнөөлүүлөр КРнын жана РФнын мыйзамдарына, анын ичинде кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Элчиликтин астында түзүлгөн коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Штабынын жыйынынын алкагында, Элчи А.Джекшенкулов төмөндөгүнү баса белгиледи: “Мекендештерибиздин оор турмуштук  жагдайын жеке кызыкчылыгына колдонуу ыплас жана адмгерчиликсиз. Ар бир арыз жана даттануу кылдат кароодон өтөт. Кылмыш аракеттеринин фактылары тастыкталган учурларда, КРнын жана РФнын мыйзамдарына ылайык, эң катуу чаралар көрүлөт. Тактап айтканда, кыргызстандыктарды алдап жаткан, РФнын жарандарына карата-РФнын мыйзамдарына ылайык, кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартуу жана жарандыктан ажыратуу мүмкүнчүлүгү, ал эми, КРнын жарандарына карата – Россиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салуу, депортация жана КРнын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартуу.”

Ушуга байланыштуу, Элчилик бардык мекендештерибизди жарандык жоопкерчиликти көрсөтүп кылмыш иш-аракеттерге бөгөт коюу жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу максатында Элчиликке көмөк көрсөтүп бардык мүмкүн болгон фактылар жөнүндө маалымат берүүгө чакырат.

Ар бир жарандын коррупция жана алдамчылык фактылары боюнча маалыматты Элчиликке, ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу жеке Элчинин блогунун (www.elchi.ru) «Жеке билдирүүлөр» бөлүмүнө жиберүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары КРнын РФдагы ИИМнин өкүлчүлүгүнүн электрондук почтасына ([email protected]) жана +7 (977) 928 – 97 – 20 номери аркылу телефон чалып билдирсе болот. Элчилик жашыруундукту жана коопсуздукту камсыз кылууну кепилдик кылат.

Жарандарыбызды мекенибизге кайтаруу үчүн тизмеге киргизүү процедурасы толугу менен бекер жүргүзүүлөрүн баса белгилейбиз.

Бул үчүн Элчиликке жарандар кайрылып, документтердин (КРнын паспортунун, ооруу тууралуу медициналык маалым каттарынын, кош бойлуу учурда УЗИнин корутундусунун, эгерде жаш баласы болсо анын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) көчүрмөлөрү менен жеке арызын жазып, тизмеге киргизилген кезегин күтүү зарыл.

Кыргызстанга кайтуучулардын тизмесине киргизүү өтүнүчү менен кайрылган жарандардын саны 7 миңден ашат. Мындан тышкары, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуган 4 миңге жакын кыргызстандык студенттер дагы Мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатышат. Тилекке каршы бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүнчулук жок. Ошол эле учурда, ар кандай категориялардагы кыргызстандыктарды Мекенибизге кайтаруу боюнча жигердүү иштер улантылып жатат.

“Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” маршруттары боюнча бир жумада эки авиакаттамдар пландаштырылууда. Ошондой эле, Россиянын региондорунан авиакаттамдарды уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы күндөрү Санкт-Петербург шаарынан авиакаттам уюштуруу пландаштырылууда.

2020-жылдын 20-мартынан тартып 21-июнуна чейин Россиядан Кыргызстанга 51 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан бүгүнкү күнгө 10 904 жарандар Кыргызстанга кайтты.

Мекенге кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбөөнү жана ар кыл мүнөздөгү чындыкка дал келбеген маалыматтарга алдырбоону, ошону менен бирге мамлекеттик булактарга гана, Элчиликтин сайтына жана Элчинин блогуна жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: