Menu

Өкмөт үйүнүн алдында бет капсыз түшкөн сүрөт үчүн 5 миң сомдон айып пул төлөй турган 28 мамлекеттик кызматкердин аты-жөнү белгилүү болду

Бөлүшүү:

Борбордун башкы санитардык врачы Кубан Кундашев өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жалпысынан 140 миң сом айып салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, министрлер кабинетинин жетекчилигине, КР Өкмөтүнүн катчылыгынын жана мамлекеттик аппараттын кызматкерлерине карата Бузуулар кодексинин 150-беренеси “Техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык стандарттардын жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу” боюнча протокол түзүлүп, 28 кызматкердин ар бирине 5 миң сом айып салынды.

Айып салынган кызмат адамдарынын тизмеси:

1. Премьер-министр Кубатбек Боронов,

2. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев,

3. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров,

4. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев,

5. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

6. КР Өкмөтүнүн мурдагы аппарат жетечиси Самат Кылжыев

Премьер-министрдин секретариаты:

7. Премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков,

8. Премьер-министрдин кеңешчиси Кубатбек Рахимов,

9. Премьер-министрдин кеңешчиси Азамат Мукашев,

10. Пресс-секретарь Адилет Султаналиев

Өкмөттүн аппараты:

11. КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борубаев,

12. КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев,

13. КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн бачысы Эмилбек Бусурманкулов,

14.  КР Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков,

15. Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асель Чынбаева,

16. Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Мамаев,

17. Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков,

18. Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев,

19. Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкулов,

20. Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдралиева,

21. Санитардык трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Мунира Тыныстанова,

22. Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов,

23. Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева,

24. Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Алымбек Орозбеков

25. Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары Данияр Конокбаев,

26. Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эсенгул уулу Чыңгыз,

27. Канцеляриянын башчысы – бөлүмдүн башчысы Жеңишбек Асанкулов,

28. Кырдаалды талдоо секторунун башчысы Расул Төлөнөв.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: