Таш-Көмүр шаардык соту жарандык никедеги аялын уруп-сабаган деп шектелген адамды күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Белгиленгендей, 2020-жылдын март айында Шамалды-Сай шаарында бир киши көчөдө аялын сабап, кийинчерээк аны зордуктап салган.
“Айыпталуучу аялдын үйүнө терезеден кирип, оозун жаап, зордуктаган. Соттук отурум учурунда айыпкер жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, ал чындыгында аялды сабап салган, бирок жыныстык катнашка аял өз эрки менен барган. Эгер зордуктоо болгон болсо, кийинки бөлмөдө ойноп жаткан балдар бул нерсени угушмак. Сотто жабырлануучу күйөөсү менен жаңжал мамилелердин бузулушунан улам келип чыккандыгын айтты. Ал ажырашууну сунуш кылган кезде, айыпталуучу аны үйдүн короосунда сабап, өлтүрөм деп коркутуп, түн ичинде зордуктаган”, – деп айтылат өкүмдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ