Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтада 4 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Алардын айтымы боюнча, кырсык кечээ, 23-июнда “Кенчилер-Береке” ААКнын шахтасында болгон. Анын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши каза болгон.
“Кырсык болгон жерге куткаруучу топ барып, маркумдарды шахтадан алып чыгып, сөөктөрдү аймактык оорукананын өлүкканасына жеткиришкен” – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ