Menu

Бишкек шаардык сотунда борбор калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча сотто чыр-чатак чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда борбор калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын апелляциялык арызын кароону улантты. Отурумда сот Адис Момуналиев төрагалык кылып жатат.

Отурумда мамлекеттик айыптоо жарыш сөздө сүйлөдү. Айыптоону окуу учурунда экс-мэрдин туугандары: “Уят”, “Акмак” жана башка сөздөрдү айтып, аны угуу мүмкүн эмес экендигин баса белгилешти. Судья тартипке чакырды, бирок кыйкырыктар кайрадан эле жаңыра берди. Судья тоскоолдук жараткан катышуучуларды сот залынан чыгарууну айтты. Бирок, алар залдан чыгуудан баш тартышты. Сот приставдары аларды сыртка чыгарууга аракет кылганда, чыр-чатак чыкты. Жыйынтыгында бир аял сот залынан чыгарылды.

Ал эми Кубанычбек Кулматов прокурор айыптоону окуй электе эле, “мунун баарын угууга ниетим жок” деп сот залынан чыгып кеткен.

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталып, камакка алынган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.

Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: