Menu

УКМК ККК: Мигранттар үчүн жасалма документтерди даярдап келген адамдар кармалды

Бөлүшүү:

УКМК ККК узак мезгилдерден бери Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө расмий жумушка орноштуруу кызматын жамынып алып, мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо жана жасалмалоо менен алектенип жүргөн адамдарды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, иш-чаралардын жүрүшүндө компаниялардын биринин кеңсесинде жасалма айдоочулук күбөлүктөрдүн, улуттук үлгүдөгү паспорттордун, жогорку жана орто кесиптик билимдин дипломдору жана башка мамлекеттик маанидеги документтер, ошондой эле жасалма документтерди даярдоо үчүн басып чыгаруучу шаймандар жана буюмдар табылып, кармалган.

Компаниянын ээлери М.А. жана М.Б. 20 миң сом акчага чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар колдонгон жасалма документтер даярдашканы белгилүү болду. Ошол эле учурда, бул адамдардын кызматын колдонгон мигранттар жасалма документтерди колдонгондугу үчүн чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан бир нече жолу кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары “документтерди жасалмалоо” фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз пайдалануунун башка фактыларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: