2-июнда болжол менен таңкы саат 05:55 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы үйлөрдүн жанында белгисиз жарандын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган учурда, болжол менен 50-55 жаштагы азият улутундагы жаран киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Көрүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе 5-кичи районунда окуяга шектүү катары 1974-жылы туулган К.Э. кармалып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде Октябрь райондук ИИБгы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ