Menu

Юристтер төрага Дастан Жумабековду ЖКнын регламентин бузгандыгы үчүн сотко беришти

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-июнда “Smart Жаран” ассоциациясы, “Эркиндик үнү” коомдук фонду жана “Прецедент” өнөктөштүк тобу Жогорку Кеңештин регламенттерин бузгандыгы үчүн төрага Дастан Жумабековдун иш-аракеттерине каршы администравдик доо арызын райондор аралык сотко берген. Бул тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү журналисттерге билдиришти.

Алар 18-июнда ӨЭУлар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча добуш берүү учурунда Жумабеков катталууга жана жок депутаттардын атынан добуш берүүгө уруксат бергендигин белгилешет.

“Дастан Жумабеков депутаттарды “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамды сактоого чакыруунун ордуна, жыйынга катышкан депутаттардын келбеген эл өкүлдөрүнүн ордуна добуш берип жатканын көрүп, унчукпай отурду.

Төрага, регламент депутаттан жеке добуш берүүнү талап кылаарын  (84-статьянын 3-бөлүгү) жана башка депутатка добуш берүү укугун өткөрүп берүүгө тыюу саларын билип (85-статьянын 4-бөлүгү), толук аракетсиздикти көрсөтүп, ошону менен мыйзамды одоно бузууга жол ачты” – деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү төрага мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, элдин жана депутаттардын ишенимин кетирип жатат деп эсептешет.

Мыйзам долбоорунда КЭУлардын мамлекеттик органдарга алардын отчеттуулугу жөнүндө, анын ичинде киреше булактары, чыгымдар, кызматкерлердин саны жана курамы, ошондой эле алардын эмгегине акы төлөп берүү жөнүндө маалыматтардын көлөмүн көбөйтүү менен кошумча отчетторду берүү милдеттенмеси каралган.

Белгилей кетсек, парламент экинчи окууда ӨЭУлар жөнүндө чуулгандуу мыйзам кабыл алган. Добуш берүүгө катышкан 98 депутаттын ичинен 89у макул болуп, 9у каршы добуш берген. Андан кийин бир нече депутат жыйынга катышпаганын айтып, анын ордуна кесиптештери добуш берип коюшканын айтышкан .

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: