Menu

Тажикстандын социал-демократиялык партиясы куугунтукка кабылып жатканын билдирди

Бөлүшүү:

Тажикстан социал-демократтар партиясынын лидери Рахматилло Зойиров өлкөнүн бардык аймактарында мүчөлөрү менен тарапташтары куугунтукка кабылып жатканын билдирди.

Зойировдун 23-июнда соцтармактарга жарыяланган билдирүүсүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир нече айдан бери социал-демократтарды куугунтуктап, коркутуп жатканы жазылган.

«Партиянын Вахдат району боюнча төрагасы жумушунан да, жашаган жеринен да куугунтукталып жатат. Гарм районундагы активистибизге кылмыш ишин токуп, камап коюшту, араң алып чыктык. Бузургмехр Ёров же Шухрат Кудратов жөнүндө айтпай эле коеюн. Биринчиси камакта, экинчиси эркиндикке чыгып, азыр Москвада жүрөт. Гиссар районунда да абал оор. Махмурод Одинаев менен активисттери көп жылдан бери куугунтукка кабылып келишет», — деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн жумада Одинаев Гиссар шаардык милициясы анын Германиянын Душанбедеги элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуусуна тоскоолдук кылганын билдирген. Анын айтымында, жолугушууда кыйноо жана башка маселелер жөнүндө сөз болмок.

Социал-демократтардын өкүлдөрү бул куугунтуктарды быйыл ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдындагы басым көрсөтүү аракети катары баалашууда.

Азырынча өлкөнүн расмий түзүмдөрү Социал-демократиялык партиянын бул билдирүүсүнө карата реакциясын билдире элек.

Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоо буга чейин да болуп келген. 2015-жылы бир нече аялдан турган топ партиянын кеңсесине кол салып, Зойировдун маалымат жыйынын үзгүлтүккө учуратышкан.

Тажикстандын социал-демократиялык партиясы 1998-жылы, Зойиров президент Эмомали Рахмондун кеңешчиси болуп турганда каттоодон өткөн. Ал партия Юстиция министрлигинде катталгандан кийин кызматтан кетип, ошондон бери уюмду жетектеп келет.

Буга чейин эл аралык уюмдар оппозициялык партияларды, саясий активисттерди басуу аракети үчүн тажик өкмөтүн бир нече жолу сынга алган. Тажик бийлиги өлкөдө жарандардын укуктары жана саясий эркиндик сакталарын айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: