Menu

Билим берүү жана илим министрлиги: Бардык бүтүрүүчүлөр аттесттарды өз убагында алышты

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаттарды 18 жана 20-июнь күндөрү алышты. Бул тууралуу кечээ, 24-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы 105 689  күбөлүк (9-класс) жана 60 533 аттестат (11-класс) берилди.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жылы биринчи жолу орто жана жогорку окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө документтердин бирдиктүү үлгүсүн даярдап, аны коомдук  талкууга койду.

Мурдагы кемчиликтердин алдын алуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, жогорку окуу жайлар менен биргеликте ведомстволор аралык топ тарабынан бирдиктүү мамлекттик документтерди иштеп чыкты.

Билим берүү жана илим министрлиги бардык документтерди өз убагында шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүн жеткирип берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: