Menu

Уран казууга Адахан да каршы болду

Бөлүшүү:

Коомчулукта Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөп, жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн кол чогулта баштаган. Кечээ жеринде дагы 600дөй адамдын катышуусунда митинг болду. Кыргызстандын ар тарабынан уранды казууга каршы пикирлерин билдирүүнүн этеги тыйыла элек. Ал турсун өлкөнүн саясатчыларынан тартып маданиятчыларына дейре ойлорун айтты. Чек ара маселесинен улам көрүнбөй кеткен Адахан Мадумаров дагы атайы жыйын куруп, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Анда урандын казылышы боюнча суроолор болуп анда Мадумаров көлдүктөрдү колдоорун билдирип “уранды иштетүүгө мен да каршымын” – деди. “Ысык-Көлдөгү чыгып жаткан элдин талабына кошулам. Аябай туура чыгып жатат. Бир муун келет, алар баарын өз шарты менен казып алат. Эми ошол жерде сөз кылып атат, комиссия түздүк деп, карапайым элден эптеп кошуп коюшуптур. Алар эмнени түшүнүп коюптур. Бийликтен элдин ишеними кеткени ушул. Жылкычы, койчу, дыйкан уран боюнча бир нерсени түшүнөбү? Комиссияга кимдерди кошуш керек экенин билбеген өкмөт элди жыргатабы? Эмне биздин Илимдер Академиясындагылар эшек такалап атабы? Бизде биология, физик, химия боюнча окумуштуулар бар. Алар эмнеге ооз ачпайт, алар эмнеге комиссияга кирбейт? Алардын кирбегени кимге пайда?” – деди Мадумаров.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: