Menu

Жогорку Кеңештин депутаттары COVID-19 илдети боюнча бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев белгилегендей, аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы COVID-19) пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасына 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын 10 млн. АКШ доллары гранттык түрдө, калганы 0,1% менен 40 жылга насыяга алынат.

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева коронавирус илдетине кабылган жарандардын медициналык кызматтарга карата айтып жаткан арыздануусуна токтолуп, COVID-19 илдетинин учурдагы абалына тууралуу сурады. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев учурда 639 адам стационардык дарылоодон өтүп жатканын маалымдап: “Бизде азыр 56 миң ПЧР-анализ бар. Биз алардын санын 100 миң даанага чыгарууну мерчемдеп жатабыз”, – деди.

Ошондой эле депутат Эльвира Сурабалдиева министрликти кызмат учурунда оору жугузган медициналык кызматкерлерге гана компенсация төлөнөрүн жарандарга түшүндүрүүгө чакырды.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров каражаттарды натыйжалуу пайдаланууда ар кандай шектенүүлөр болуп жатканын кошумчалап: “Эмнеге 20 млн. АКШ долларына 20 оорукана куруп койсо болбойт? Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне үчүн мындай сунуш киргизбейт?” – деди. Муну менен катар эл өкүлү дары каражаттары жаатында керектүү көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев алынган акчалар товардык-транспорттук каражаттарга, лабораториялык материалдарга, унааларга, жана башка керектүү жабдууларга жумшаларын белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев пандемия менен күрөшүү багытында келип жаткан каражаттарды башкарууну жакшыртуу зарылчыгын билдирип: “Акчаны алып жатасыңар, бирок оң натыйжа жок. Ал тургай уюштуруу иштерин чече албай жатасыңар. Алсак, “118”, “103” кызматтарына чала албай жатабыз. Жарандар арасында кабатырлануу күч. Келип жаткан акчага медициналык шаарча куруп койсок болмок” – деп кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Наталья Никитенко коронавирус менен күрөшүү үчүн келип түшкөн 246 млн. АКШ долларынын 21 млн. АКШ доллары гана саламаттыкты сактоо системасына багытталгандай элес калтырып жатканын айтып, калганы бюджетти колдоого, социалдык чыңалуудан сактануу үчүн айлык, пенсия, жөлөк пулдарды төлөөгө кеткенин белгиледи. “Бирок бүгүнкү күндө аталган саламаттыкты сактоо тармагына 100 млн. АКШ доллары керектелүүдө”,- деди Наталья Никитенко.

Талкуудан соң мыйзам долбоорун үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: