2019-жылдын 6-мартында саат болжолу менен 02:30 чамасында белгисиз адамдар, баштарына бет кап кийишип, тергөөдө аныкталбаган ок атуучу курал менен куралданышып, мамлекеттик белгиси В 9130 АG болгон «Субару-Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа менен Аламүдүн районунун, Беш-Күнгөй айылынын тургуну Б.Сдин башкаруусундагы мамлекеттик белгиси В 3264 АР болгон «Тойота-Хариер» үлгүсүндөгү автоунаасынын жолун тороп мажбурлап токтотушуп, тергөөдө аныкталбаган ок-атуучу курал менен автоунаанын ичиндеги айдоочусуна жана анын жубайына карата зомбулук көрсөтүп, ок-атуучу курал менен атып коркутуп, аларга таандык жалпы 312 000 АКШ долларын каракчылык жол менен ээлеп окуя болгон жерден качып кетишкен.
2019-жылдын 6-мартында аталган окуя боюнча чогултулган материал Аламүдүн РИИБнүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына тергөө амалдарын уюштуруу үчүн тапшырылган.
2019-жылдын 5-апрелинде аталган кылмышка шектүү адам катарында Чүй облусунун Москва районунун тургуну, 1974-жылы туулган С. Муктарбек кармалып, камакка алынган.
2019-жылдын 25-ноябрында кылмыш иши боюнча тергөө аяктап Аламүдүн райондук сотунун кароосуна жиберилген. Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча кылмышка тиешелүү адамдарды аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ