Бүгүн, 27-июнда “Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва – Ош каттамы менен 326 кыргызстандык, анын ичинде 2 жашка чейинки 41 бала алынып келинди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, учакта орундуктардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн тизмесин Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынын дарыгерлеринен жана Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия түзгөн.
Каттамга төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуу аялдар, жаш балалуу айымдар, ден-соолугуна байланыштуу мекенине шашылыш кайтып келүү керек болгон адамдар тандалып алынган.
Бардык келген жарандар тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ