Кайсы гана өнүккөн өлкөнү албайлы, кадр саясаты кылдат жана адилеттүү жүргүзүлөт. Маселен, калктын жыш жайланышкан аймактарына саресеп салуу менен (башка региондорго салыштырмалуу) ал жерден туулуп-өскөн көрүнүктүү тыңчыкмаларды бийлик бутагына тартуу, адистигине жараша жетекчилик кызматтарды ыйгаруу расмиси көрүлөт. Эмесе, Кыргызстандагы элинин саны менен өзгөчөлөнгөн эки районду мисалга тарталы. Оштогу Кара-Суу районунда жергиликтүү жашоочулар 430 миңди чапчыса, Чүйдөгү Сокулук районунда 400 миңге жакындайт. Кызыгы, аткаруу кызматтарында, министрликтерде дал ушул эки райондун белдүү уул-кыздары анчейин коюлбай, өгөйлөнүп келгени кайсы логикага сыят? (Айрым шөмтүрөк, дүжүрлөрдү эске албаганда.) Бул жагын президенттик аппарат этибар албай калышы ыктымал, натыйжада, мындан ары көңүл бурушу шарт. «Бийликтин ээси эл» дейбиз. Андыктан, эл менен эсептешели да… А премьер-министр Абылгазиев мындай деңгээлдеги баланстарды сактоого, кадр саясатын адилеттүү чечүүгө эрки жетмек беле?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ