Menu

Төрөхан Жунусбеков, Апрель баатыры: “Элдин добушун сатып алам деген партияларды Рыскелди Момбековду куугандай кылып Эл өзүбүз кубалап турсак, таза шайлоо болот”

Бөлүшүү:

“Элдин добушун сатып алам деген партияларды Рыскелди Момбековду куугандай кылып Эл өзүбүз кубалап турсак, таза шайлоо болот. Акча тараткан айылдашыбызды жана бийликтин партиясын шайлайсың деп кыйнаган аким, айыл өкмөттөрдү кошуп кубалашыбыз керек”, – деп билдирди Апрель баатыры, “Мекенчил” партиясынын өкүлү Төрөхан Жунусбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.

“Кыскасы бул жолу жалпы Эл өзүбүз кайдыгер болбой активдүү бололук. Антпесек мамлекетибиз жок болуу коркунучуна күн сайын жакындап бара жатат. Ар бирибиз балдарыбыздын келечегин ойлойлу. Келечегин сатпайлы. Өзүбүз окшоп балдарыбыз Москвалап тентип калбасын десек, добушун саткан айыдаштарыбызды дагы, сатып алгандарды дагы ар бирибиз өзүбүз көзөмөлдөп катуу жазаласак, мына ошондо гана оңолобуз. Бийлик менен сатып алуучулардын партиясына иштеген айылдаштарыбызды керек болсо айылдан көчүрүп жибергенге чейин барышыбыз керек. Антпесек оңолуш кыйын. Чимкириктер бир күндүк уурдаган акчаларына добуш сатып алышып, беш жыл бою кайра элдин ырыскысын уурдай беришет. Балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечегин талкалашат. Ошого жол бербейли. Баарыбыз бирге болуп, ынтымакта турсак колдон келет. Бийликтин ээси эл экенин ушул жолу далилдеп коюшубуз керек”, – деп жазган Төрөхан Жунусбеков .

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: