Menu

Чүй районунда коронавирус илдетин алдын алуу боюнча иш-чаралары тынымсыз өткөрүлүүдө

Бөлүшүү:

Коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү жугуштуу илдетке кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ар бир жаран жеке гигиеналык көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган талаптарды так сактоо зарылдыгы милиция кызматкерлери тарабынан эскертилүүдө.

Мындай алдын алуу иш-чаралар Чүй районунда да күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Анда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочуларды учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, коомдук жайларда бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттар менен колдорду дезинфекциялоо зарыл экендиги эскертилди.

Алдын алуу иш-чаралары учурунда талаптарды сактабай жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын жоопкерчилиги жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алууга чоң салым болоору түшүндүрүлдү. Иш-чарада соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, жана башка техникалык тейлөөчү жайларда текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын администрацияларына тазалыкты сактап, дезинфекция жумуштарын өз убагында жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.

Эскерте кетүүчү жагдай, ар бирибиздин “Өзгөчө кырдаал” режиминин талаптарын туура сактообуз жана көрсөтүлгөн талаптарды аткаруубуз менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коё алабыз.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: