Menu

Түп районунун Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо камсыз кылынды

Бөлүшүү:

Бүгүн 2020-жылдын 30-июнунда Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлѳт. Бул тууралуу  бүгүн, 30-июнда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – мамлекеттик администрациянын башчысы -аким тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Чоркозов Эрлан Акматович  жана  айылдык кеңештин дептутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн  Курманов Иманбек Карыбаевич катталган.

Маалымат иретинде: Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы берген арызынын негизинде 2020-жылдын 24-мартында ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК  2020-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлоо 2020-жылдын 24-мартына дайындалган.

Коронавирус пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган.

КР БШК  2020-жылдын 26- июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 30-июнь аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндѳн алар аякатаганга чейин  бир күндүк мѳѳнѳт калган.

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу  жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.

 Арал айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Айылдык кеңештин  депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган  талапкер шайланды деп эсептелинет.

Шайлоо Түп аймактык шайлоо комиссиясында  ѳткѳрүлѳт.

БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана  ЖӨАБ органы менен бирдикте Түп АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:

      – шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган,

       – шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо  3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, аралыктарда жана убакыттарда катышуучуларды  дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.

       – добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде  санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен дене табы ѳлчѳнѳт.

      – алгоритмге ылайык  шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары– бир жолку бет кап жана кол кап берилген,

        – шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: