Бүгүн, 30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы аяктап, депутаттар жайкы каникулга тарашты.
Парламент төрагасы Дастан Жумабековдун айтымында, сессиянын жүрүшүндө 136 мыйзам долбоору, 614 токтом кабыл алынган, Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын жетекчилеринин жылдык отчёттору угулган. Жалпысынан жарандардын 15 миң 307 кайрылуусу каралган.
Депутаттар жайкы каныкулдан кийин, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин кайрадан баштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ