Menu

Видео – Жогорку Кеңеште Премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июндагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган Өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчысы жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү өнүктүрүүдөгү парламенттин мааниси жана жоопкерчилиги жогору экенин белгилеп, Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатканына токтолду. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков депутаттар тарабынан коомдук турмуштун бардык чөйрөсүн жакшыртууга багытталган бир катар мыйзамдар кабыл алынганын кошумчалап, өлкөнү санариптештирүүгө керектүү укуктук негизди түзүүдө, коррупцияга каршы күрөшүүдө, ишкерчиликке ыңгайлуу шарттарды жаратууда, калкты социалдык камсыздоо системасын жакшыртууда жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын көтөрүүдө алгылыктуу иштер жасалганын билдирди.

Ал эми Төрага Дастанбек Жумабеков ант берген жаңы Өкмөт мүчөлөрүн куттуктап, өз билимин жана тажрыйбасын өлкөнүн жаркын келечегине жана учурдагы COVID-19 пандемиясына байланышкан кырдаалдан чыгарууга жумшай тургандыктарына ишенээрин белгиледи.

Алсак, элдин, Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында төмөндөгү Өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

Боронов Кубатбек – КР Премьер-министри;

Баатырбеков Алмазбек – КР биринчи вице-премьер министри;

Асрандиев Эркин – КР вице-премьер-министри;

Мадумаров Акрам – КР вице-премьер-министри;

Исмаилова Аида – КР вице-премьер-министри;

Айдарбеков Чингиз – Тышкы иштер министри;

Джунушалиев Кашкар – Ички иштер министри;

Джаманкулов Марат – Юстиция министри;

Жеенбаева Бактыгуль – Финансы министри;

Муканбетов Санжар – Экономика министри;

Чодуев Эркинбек – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Бейшенов Жанат – Транспорт жана жолдор министри;

Аскаров Замирбек – Өзгөчө кырдаалдар министри;

Исаков Каныбек – Билим берүү жана илим министри;

Абдикаримов Сабиржан – Саламаттыкты сактоо министри;

Жаманкулов Азамат – Маданият, маалымат жана туризм министри;

Кочкоров Улукбек –  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Опумбаев Орозбек – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Тердикбаев Эрлис – Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Осмонбетов Эмиль – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Исмаилов Алмазбек – КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Тагыраагы, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Өкмөт мүчөлөрү өз иш милдеттерине киришип жатып Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Эскерте кетсек, 17-июнда Жогорку Кеңеш Кубатбек Боронов баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн, курамын жана  программасынын долбоорун бекиткен. Ал эми мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоо боюнча кылмыш ишинин алкагында анын дарегине айыптоолор айтылгандыгына байланыштуу отставкага кеткен. Андан соң парламенттик көпчүлүк коалициясы Өкмөт башчылык кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал буга чейин биринчи вице – премьер – министри кызматын аркалап келген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: