Эми Бишкек шаарында троллейбустар, автобустар, маршруттук таксилер иш күндөрү 07:00дөн 10:00гө чейин, кечкисин 17:00дөн 21:00гө чейин жүрөт. Ал эми дем алыш күндөрү алардын ишмердүүлүгү толук токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөттү онлайн-брифингде билдирди.
Ал бул кадамдар шаардагы эпидемиянын мындан ары начарлашын ооздуктоо үчүн жасалып жаткандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле, кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайларына эрте мененки саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Ал эи соода борборлору жана супермаркеттер саат 7:00дөн 19:00гө чейин иштешет.
Борбор калаадагы базарлар эрте мененки саат 06:00дөн кечки 17:00гө чейин иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ