Menu

Гүлжайна Атаканова, куудул: «Сүзмөнүн ичинде кат эзилип калыптыр…»

Бөлүшүү:

Айылдан биринчи жолу шаарга келгендеги күндөрдү баарыбыз эле унутпасак керек. Чоң-чоң үйлөр көзүбүзгө мунара сезилип, шаардын зымылдаган жолдору таң калтырып, конүшүп кеткенче далай окуялар болот эмеспи. Бүгүнкү “Мен айылдан келгенде” аттуу рубрикабыз дагы көнүлдү көтөрүп, сиз айылдан келген күндөргө жетелеп батат деп ишенебиз.

«2000-жылы таякемдерди ээрчип шаарга келгем. Эми чоңоюп 11-классты бүтүп келсем дагы өзүмдү кичинекей эле кыздай алып жүрчү экенмин. Азыр эле шаардык болуп кетпедимби. Ал убакта телефон деген жок, айылдык бир таанышымды көрүп калсам чуркап барып учурашчумун. Шаар көзүмө укмуш көрүнгөнү менен айылды са­гынып боздоп ыйлачумун. Апам таксилерден мага тамак-аш, сүзмө берип жиберчү. Бир күнү барып апам берип жиберген сүзмөнү алып жатсам эле ичинде кат жүрөт. Эзилип калыптыр, бирок тамгалары окулду. Окуп алып ыйлап жатам, эмнеге ыйлап жатканымды өзүм деле билбейм. Шаарга келгенден соң 9 ай өткөндөн кийин айылга баргам. Азыр деле айылга көп барам дечи, бирок ошондогудай сезимдер жок».

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: