Menu

Видео – Бишкекте бир катар тармактардын ишмердүүлүгү токтотулду, карантин режими бузулса суу жана электр жарыгы өчүрүлөт

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү максатында борбор калаанын мэриясы бир катар иш-аракеттерге тыюу салган буйрук чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөттү онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, мэрия жарандардын сейил бактарга, аянттарга, бульварларга, эс алуучу жайларга жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Муну менен бирге тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери да иштетилбейт.

Велосипеддерди ижарага берүүгө, батуттардын иштешине, балдар оюн аянтчалары жана башка уруксатсыз соода жүргүзүү пунктары иштебейт.

“Учурдагы нормаларга ылайык, карантин режимин бузгандыгы үчүн АКК “Түндүкэлектро” жана “Бишкекводоканалга”  электр жана суу менен камсыздандыруудан ажыратуу сунушталат. Карантин режимин бузгандар боюнча иш-чараларды күчөтөбүз, рейддердин саны көбөйөт жана профилактикалык иш-чараларсыз айыппулдар салынат” – деп билдирди мэр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: