Menu

Кыргызстанда дагы 526 адамдан коронавирус табылды, бир сутка ичинде 4 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-июлга карата Кыргызстанда дагы 526 адамдан коронавирус илдети табылды. КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 211, Чүй облусунан – 231, Ош шаарынан – 19, Ош облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 27, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 3, Баткен облусунан – 18 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 6261ге жетти.  Алар:

– Жалал-Абад облусунда — 387 адам;

– Ош облусунда — 495 адам;

– Ош шаарында — 675 адам;

– Бишкек шаарында— 2503 адам;

– Нарын облусунда — 497 адам;

– Чүй облусунда — 1138 адам,

– Баткен облусунда — 108 адам;

– Талас облусунда –  79 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 139 адам.

– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 87 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2500гө жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 17 адам; Чүй облусунан – 15 адам, Ош облусунан – 3, Ош шаарынан – 25, Талас облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 16, Нарын облусунан – 5 адам.

Өткөн сутка ичинде 4 бейтап каза болду. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 71 жаштагы эркек киши, Ноокат аймактык ооруканасынан 70 жаштагы эркек киши, Кочкор аймактык ооруканасынан 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек киши көз жумду.

Илдеттен улам каза болгондордун саны 66га жетти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: