Menu

АКШ Конгрессине Путин жана анын жакындарына санкция салуу жөнүндө мыйзам долбоору жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Шаршембиде АКШ Сенатына Ооганстандагы америкалык жоокерлерди өлтүрүү үчүн сый акы төлөп берүүгө Орусиянын катышы бар экени аныкталса, санкция салууну шарттаган мыйзам долбоору жөнөтүлдү.

Санкция салына турган кишилердин тизмесине Орусия президенти Владимир Путин да киргизилген.

Мыйзам долбоорун таасирдүү сенатор-демократ Роберт Менендес демилгелеген. Мыйзам долбооруна ылайык, Ооганстандагы америкалык аскерлерге кол салууда Орусиянын тиешеси бар экени тастыкталса, Трамп Орусия президенти Путинге, коргоо министри Шойгуга жана бул ишке катышы бар башка аткаминерлерге санкция салышы керек. Документте чабуулдарга тиешеси бар кишилердин жана уюмдардын америкалык активдерин камакка коюу, алардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салуу да каралган.

Мындан тышкары кошумча санкциялар Владимир Путинге жакын олигархтарга, орусиялык саясий ишмерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да салынышы мүмкүн.

Шаршембиде Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси MSNBC телекомпаниясына маек куруп, Орусияга токтоосуз түрдө санкция салууга чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: