Menu

Бишкекте ооруканага эс-учун жоготуп келген кыздын абалы жакшырып, өз алдынча дем алып калды

Бөлүшүү:

1-июлда Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндө жайгашкан ооруканага эс-учун жоготуп, оор абалда алынып келинген жаш кызды көпкө чейин кабыл албай коюшкан тууралуу видеотасма социалдык тармактарда тараган.

Эс-учун жоготкон бейтапты эркек киши ооруканага көтөрүп алып келген. Оорукананын эшиктери жабык, бейтап менен чогуу келген аял оорукананын эшигин каккылап, ачкыла дегенине эч ким жооп кайтарган эмес. Ал улам-улам эшикти такылдатып турган. Бир аздан кийин оорукананын эшигин дарыгерлер ачып, бейтапты кабыл алган. Бейтапты алып келген аял “ачпайсыңарбы, 10 мүнөттөн бери турабыз” дегенине дарыгерлер “кыйкырбаңыз, биз ойноп жаткан жокпуз, бошобой жатабыз” деп жооп берген.

Бүгүн, 3-июлда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип, социалдык тармактарда тараган видеолорго түшүндүрмө берди.

“№1 шаардык ооруканасында бейтапты өз убагында кабыл алынбай калган учур болгон. Бул оорукана ачылар алдында турган, оорулуулардын агымы чоң болгон. Эс-учун жоготуп келген бейтап интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылган. Каныктыруу – 93%, ал кычкылтек концентратору менен камсыз болгон. Ал өз алдынча дем ала баштады. Бүгүн ал кадимки палатага которулат” – деп билдирди Акматова.

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/1367851603413949/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: