Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн 498 керебет уюштурулган, дагы 404 орун даярдоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Гүлнара Мамбетисаева өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Чүй облусунда коронавирустук инфекцияны жана пневмонияны жуктуруп алган бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо 12 саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлүүдө.
“4 ооруканада 109 койка-орун даярдалып, учурда 83 бейтап жаткырылган. Жарандарга тез жана алгачкы жардамды берүү үчүн ар бир оорукананын алдында стационардык палатка пункттары даярдалган” – деп билдирд Гүлнара Мамбетисаева.
Ал ошондой эле, пневмониянын күч алышына байланыштуу сегиз саламаттыкты сактоо уюмдарында бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн 498 керебет уюштурулган. 3-июлга карата 462 адам ооруканага жаткырылды.
“Кошумча керебеттерди ачуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Медициналык персоналды тийиштүү медициналык шаймандар менен жабдуу маселеси каралууда. Жакын арада дагы 404 керебет даярдалат” – деп кошумчалады Гүлнара Мамбетисаеваю
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ