Menu

Нарын районунун аймагында алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

Нарын районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан жугуштуу илдеттин алдын алуу, калк арасында жайылып кетүүсүнө жол бербөө, үй карантинин талаптарын, шарттарын туура аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери менен биргеликте атайын графиктин негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле санитардык мобилдик топтор да өз ишин тынымсыз улантып, жарандар арасында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана санитардык гигиеналарды так сактоосу боюнча Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдарды кыдырып түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Нарын РИИБнүн кызматкерлери, айыл өкмөт кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу иштерин жүргүзүү менен түзүлгөн топ дүкөндөрдү, эл көп чогулган жерлерди, мечиттерди, ички каттамда эл ташыган таксисттерди жана жүргүнчүлөрдү тазалыкты сактоого чакырып жеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: