Казакстанда бир сутканын ичинде коронавирус жуктурган 1 109 жаңы учур катталып, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 49 683кө жетти.
6-июлдагы маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустан 264 бейтап каза болуп, 16 183 киши айыкты.
Өткөн жумада Саламаттык сактоо министрлиги мындан ары илдеттен каза болгондор тууралуу маалыматтар топтолуп, жумасына бир гана жолу жарыялана турганын билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча 30-июндан 6-июлга чейин өлкө боюнча 76 киши көз жумган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ