Тажикстандагы орусиялык жарандарга автоунаа менен Өзбекстандын жана Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө уруксат берилди. Алар Орусияга кетүү үчүн бир нече жумадан бери тажик-өзбек чек арасында топтолуп турушкан.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, өлкөдөн 686 киши чыгып кетсе болот. Орусиянын бийлиги Өзбекстандын жана Казакстандын өкмөттөрү менен сүйлөшүп, жарандары үчүн транзиттик жол уюштуруп берди.
Тажикстандан чыгып кетүүгө уруксат берилгендердин көбүнүн кош жарандыгы бар. Алар тажик-өзбек чек арасына июндун ортосунда эле топтолуп, чек аралардын ачылышын күтүп жатышкан.
Буга чейин Орусия Тажикстандагы жарандарын алып кетүү үчүн бир нече аба каттамын уюштурган. Бирок көпчүлүгү 400 евролук билеттерди сатып ала албагандыктан, Орусияга автоунаа менен барууну чечишкен. Алар кол топтоп, Орусиянын Тажикстандагы элчилигинен транзиттик жол уюштуруп берүүнү талап кылышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ